Кытайдагы күрөш боюнча Азия чемпионатында Үзүр Жусупбеков алтын медаль тагынды. Ал грек-рим күрөшү боюнча 97 килограмм салмакта күч сынашып, финалда өзбек балбаны Жахонгир Турдиевди 3:2 упай эсебинде жеңди.
Ал эми кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова чемпион аталды. Ал 62 килограмм салмакта жапон балбаны менен беттешип,аны жеңип алган.