ВИДЕО: Балыкчыдан башталган жөө жүрүш токтотулду

341

Уран кенин иштетүүгө каршы жөө жүрүшкө Балыкчы шаардык соту тарабынан уруксат берилген жок. Бул тууралуу аталган шаардын вице-мэри Алишер Табалдиев билдирди. Анын айтымында тынчтык митингин өткөрүү боюнча 26-апрелде билдирүү келип түшкөн.

“Жөө жүрүш кыла турчу жол негизги унаа жүрүүчү жол болгондуктан биз буга тыюу салганбыз. Шаардык сот анын мыйзамдуулугун карап чыкканда, жөө жүрүшкө канча киши чыгары, жолдун кайсы тарабы менен басары так көрсөтүлгөн эмес. Мындан улам уруксат берилген жок. Бирок күндүзгү 10.00дөн -12.00гө чейин мэриянын алдында тынчтык митингин өткөрүүгө уруксат берилди”

Уранга каршы жөө жүрүш #1

Уранга каршы чыккан митингдин катышуучулары Балыкчы шаардык мэриясынан Балыкчы автобекетине чейин жөө жүрүшкө чыгышты. 29.04.2019.

Опубликовано Балыкчы Пресс Понедельник, 29 апреля 2019 г.

Бүгүн шаардык мэриянын алдында 150-200дөй кишинин катышуусунда нааразылык акциясы өттү. Алар соттун чечимине карабастан мэриядан автобекетти көздөй жөө жүрүш кылып, андан соң тарап кетишкендигин вице-мэр кошумчалады. Жергиликтүү активисттер кайрадан эртең саат 10:00дө чогулушуп Бишкекке жөнөй турган болду.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь