Бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаарынын 141 жылдыгы белгиленет. Шаар күнүнө карата «Ала-Тоо» аянтында кыргыз эстрада ырчылары жана чет элдик белгилүү жылдыздардын катышуусунда концерт өтөт.
Майрамдын аягында алты мүнөткө созулган фейерверк атылат.
Бүгүн саат 16:00дөн кийин «Ала-Тоо» аянтында Чүй проспекти Эркиндик гүлбагынан Панфилов көчөсүнө чейин жабылат.
Кечээ майрамга карата улуттук ат оюндары боюнча мелдеш өттү.