Жалил Атамбаев журналистти сотко берди

496

Милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев «Азаттыктын» кабарчысы Ыдысыр Исаковду сотко берип, 50 млн. сом өндүрүп берүүнү соттон суранды.

17-апрелде «Азаттыктын» Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаков «Ош: салыктан буйтаган “ишкерлер”» деген аталыштагы иликтөөсүн жарыялаган. Иликтөөдө жылына Кыргызстандын казынасына көмүскө экономиканын айынан 40 млрд. сом түшпөй калары айтылып, салыктан качкан ишкерлер жөнүндө сөз болгон. Анда милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев тууралуу кеп болуп, анын салыкка байланышкан аракеттери жана күмөндүү схемалары баяндалган.

Иликтөөнү YouTube каналынан 377 миң адам көргөн.

Иликтөө жарыяланган соң Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) текшерүү иштерин баштап, көрсөтүүдө айтылган фактылар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.

Учурда иликтөө иштери Жазык кодексинин 232-беренеси («Салык төлөөдөн жана милдеттүү төлөмдөрдөн качуу») менен текшерилип жатат.

Жалил Атамбаев Ыдырыс Исаков менен кошо видео иликтөөдө анын схемаларын ачыкка чыгарган Мирлан Маматовду жана Марат Сайбидиновду да сотко берип, алардан беш миллион сом өндүрүүнү суранган.

Жалил Атамбаев Оштогу эң бай адамдардын бири экени эл ичинде айтылып келет.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь