Кыргызстандын эки аймагында жер титирөө катталды

317

Кытай менен Тажикстан чектешкен аймакта очогунда күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер силкинүү бүгүн, 29-апрелде болжол менен саат 06:23тө болуп, Ош облусунун Алай районунун Нура жана Бор-Дөбө айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген.

Ал эми экинчиси кечээ саат 19:21де очогунда күчү 2,5 баллга жеткен Нарын облусунда жер титирөө катталган. Жер титирөө Кочкор районунун Арсы жана Семиз-Бел айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь