Кыргыз Республикасынын эл артисти, Мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын лауреаты, «Манас» ордени, «Даңк» медалынын ээси Сатыбалды Далбаев 85 жаш курагында дүйнө салды.
Сатыбалды Далбаев 1934-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу мурдагы Базар-Коргон районундагы Ооган-Талаа кыштагында туулган.
Маркумду акыркы сапарга узаттуу эртең, 30 –апрель күнү Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык тетртында саат 10:00дө өтөт.