С.Жээнбеков: Бишкек “жашыл калаа“ деген өзүнүн мурдагы даңкын кайтарышы керек

459

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-апрелде кыргызстандыктарды жана борбор шаардын тургундарын Бишкек шаарынын Күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Урматтуу борборубуздун тургундары жана коноктор!

Кадырман мекендештерим!

Сиздерди Бишкек шаарынын Күнү менен куттуктайм!

Бишкек Кыргызстан элинин турмушунда өзгөчө орунду ээлейт.

Ал — мамлекетибиздин борбору жана сыймыгы. Региондогу ири экономикалык, саясий жана маданий борборлордун бири.

Борбор шаарыбыз жыл өткөн сайын кулачын керип кеңейүүдө, өнүгүүдө жана жаңыланууда. Заманбап имараттар салынууда. Жаңы жолдорду жана көчөлөрдү куруу боюнча чоң долбоорлор ишке ашып жатат.

Бишкектиктердин өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө кошкон салымы улам өсүүдө.

Ордо калаабызда көптөгөн этностордун өкүлдөрү жашайт жана эмгектенет. Алар тынчтыкта, ынтымакта жана өз ара түшүнүшүү менен жашоонун мыкты салттарын муундан муунга өткөрүп келишүүдө. Бул эң сонун жөрөлгөнү сактап, андан ары улантуу — биздин милдетибиз.

Бишкек „жашыл калаа“ деген өзүнүн мурдагы даңкын кайтарышы керек. Таза аба, бак-дарактар шаардын башкы байлыгы болушу абзел.

Бишкек — келечекке умтулган шаар.

Биз заманбап стандарттарга шайкеш келген шаарды курушубуз керек. Келечекте биздин борбор шаарыбыз Евразия чөлкөмүндөгү ири эл аралык кызматташтык борборлордун бирине айланарына шек жок.

Биздин ордо шаарыбыз азыркыдан да таза, коопсуз жана жашоого ыңгайлуу шаар болот деп ишенем.

Кадырман шаардыктар!

Сүйүктүү борбор шаарыбызга бакубатчылык, ар бир үй-бүлөгө кут, береке, тынчтык жана байгерчилик каалайм!

Бишкек шаарыбыз көрккө бөлөнүп, өсүп-өнүгө берсин!»

Комментарии

  1. Hello there! Quick question that’s completely off topic.
    Do you know how to make your site mobile friendly?
    My site looks weird when browsing from my iphone 4. I’m trying to find a theme
    or plugin that might be able to correct this issue.
    If you have any suggestions, please share. Many thanks!

    Feel free to surf to my webpage … hosting services

  2. This design is wicked! You certainly know how to keep a
    reader entertained. Between your wit and your videos,
    I was almost moved to start my own blog (well, almost…HaHa!) Fantastic
    job. I really loved what you had to say, and more
    than that, how you presented it. Too cool! cheap flights y2yxvvfw

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь