Интернетке уран кенинде чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан “Юр Азия Кыргызстан” компаниясынын лицензиясын кайтарып алуу боюнча кат тарады. Ал документти SUPER.KG жарыялады.
Катка Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Айтмамат Кадырбаев кол койгон.
“Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан “Юр Азия Кыргызстан” компаниясынын Кызыл-Омпол аянтындагы жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгүн текшерүү жөнүндө кат келип түшкөн. Кат апрель айында Жер казынасын пайдалануу лицензиялоо маселеси боюнча комиссиянын отурумунда каралып, жер казынасын пайдалануу укугу токтотулганын маалымдайт”, – деп жазылат комитеттин “Юр Азия Кыргызстан” компаниясына жазылган катында.