Бүгүн саат болжол менен 9:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай айылында жол кырсыгы катталып, 1 адам мерт кетип, бешөө ооруканага жеткирилди. Окуя болгон жерден күбөлөр аварияны видеого тартып жөнөтүшкөн. Тасмада көрүнгөндөй күйүүчү май ташыган унаа менен «Мерседес Спринтер» авто кагышкан.