Бишкекте 9 жаштагы жээнин жип менен байлап BMW унаасы менен 20 метрге чейин сүйрөгөн жаран кармалды. Бул туралуу Kaktus.media жазды. Маалыматка ылайык, 27-апрелде “Алтын-Казык” конушунда “Кичинекей баланы уруп жатат” ,деген маалымат милиция кызматкерлерине келип түшкөн. Ички иштер бөлүмү билдиргендей 2010-жылы туулган К.Ж аттуу баланы 1986-жылы туулган таекеси Б.С акча уурдоого айыптап, тарбиялоо максатында ушундай кадамга барган.

Бала ошол замат ооруканага жеткирилип, учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө. Таекесине кылмыш иши козголуп, камакта. Баланын апасы Россияда мигрант экени маалыматта айтылат.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 136