“Аксакал башым менен суранып жатам” деген инспектор иштен алынды

313

Жол эрежесин сактабаган Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери иштен бошотулду.

Буга чейин бул инспектордун үстүнөн кызматтык иликтөө башталганы маалымдалган. Иликтөөнүн жыйынтыгында “Тартип уставын, жол кыймылынын эрежелерин, милициянын кесиптик этикасын бузган” деген тыянак чыгарылды.

Эске салсак, жол инспектору айдоочудан жол эрежесин бузган видеону элге жарыя кылбоону өтүнүп кечирим сураган видео интернетте жарыяланган. Анда милиция кызматкеринин жол чырактын кызыл түсүнө токтобой өтүп жана ылдамдыкты дагы ашыра айдаганы тартылган.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь