“Ата Мекен” партиясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Матраимовдордун иш-чарасына барып катышкандыгы үчүн өкүнүп жаткандыгын айтып, элден кечирим сурады.
Ал жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде, Райымбекти колдоо үчүн барбагандыгын айтып, кесиптеши Искендер Матраимовдун чакыруусунан улам катышкандыгын белгилеген.
Депутаттар дайыма эле өлкөнүн аймактарында спорттук иш-чараларды өткөрүп жүргөндүгүн, салтка айланып калгандай ага конок катары чакырылып барарын кошумчалады.
“Мен моралдык дагы жактан Райымбекти колдоону көздөгөн эмесмин, бул кадамдарым үчүн элден кечирим сурайм”- деп Шыкмаматов коомчулуктун сынын туура кабыл алганын айтты.