Бишкек шаардык соту «Апрель» телеканалын жана мурунку президент Алмазбек Атамбаевди Азимбек Бекназаровго, Акматбек Келдибековго жана Кеңешбек Дүйшөбаевге жалпысынан 600 миң сом төлөөгө милдеттендирди.
Бирок саясатчы Кеңешбек Дүйшөбаев мындай чечим канаатандыраарлык эместигин Элдик медиа сайтына билдирди.
Ал “шаардык сотту Атамбаевди, Апрель телеканалын күнөөлү деп тапканы туура, биз ыраазыбыз. Бирок компенсация жагынан караганда канатандыраарлык эмес. Убагында Атамбаев журналисттерди жөн жерден миллиондоп доого жыккан, ошондуктан журналисттерди кандай соттоп, доого жыкса ошондой чечим болушу шарт”-дейт.
Ошондой эле, жогоруда чыгарылган чечимдер жетишсиздик кыларын айтып, эки саясатчы менен чогу ойлонуп, кеңешип кадам таштаарын кошумчалады.
Эске салсак, Азимбек Бекназаров, Акматбек Келдибеков жана Кеңешбек Дүйшөбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевди жана «Апрель» телеканалын 2018-жылдын аягында сотко беришкен. Алар “Атамбаев Апрель телеканалына берген маегинде ар-намысыбызга шек келтирди» деп, жалпысынан 18 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн.