Атай Өмүрзаковдун тобу Кытайдагы шоуда жарым финалга өттү (видео)

466

Атай Өмүрзаков “Тотем шоу” жаңы бий тобу менен Кытайда өткөн World’s Got Talent сынагынын жарым финалына өттү. Кубанычтуу кабарын ал “Фейсбуктагы” баракчасына бөлүштү.

Өткөн дем алыштагы чейрек финалда бийчилер “шамдагай абышкалар” жөнүндө номер аткарып, калыстардын купуоуна толгон. Сценарий боюнча улгайган адамдар окумуштуулар ойлоп тапкан эликсирди ичип алып, жашарып кетет.

“Тотем шоу” деп аталган жаңы бий тобу “Үмүт-Надежда” балдар борборунан чыккан “Тумар” тобу менен биргеликте түзүлгөн.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь