Коомчулукта талкууга түшкөн Матраимовдор өткөргөн турнирге Жогорку Кеңештин депутаттары менен өкмөт мүчөлөрү чакыруунун негизинде барышкан. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов элдик медиага билдирди. Анын айтымында атасы Исмаил Матраимовдун элесине арналган волейбол жана кичи футбол боюнча мелдешке жакын санаалаштарын, досторун, чакырган. Иш-чарага вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Дастанбек Жумабеков, Алтынбек Сулайманов, Алмамбет Шыкмаматов, Жанарбек Акаев, Мирлан Бакиров, Руслан Казакбаев, Канатбек Исаев, Алмазбек Баатырбеков, Абдывахап Нурбаев, Улан Примов сыяктуу жыйырма чакты депутат жана Ош, Жалал-Абад облустарынын губернаторлору катышкан.
Ал эми барбай калгандар чакырылан эмес.
Белгилей кетсек Искендер Матраимовдун иниси Райымбек Матраимовдун дарегине ар кандай сындар айтылып, ал бажы тармагында иштеп жүргөндө коррупциялык жол менен байыган деп эл арасында айтылып жүрөт. Ушуга байланыштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Матраимовдун мүлкү боюнча текшерүү жүргүзүп келатат. Ошол эле учурда Райыбек Матраимов иштен мыйзамыз кеткен деген жүйө менен өкмөт менен соттошкон.