Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кара-Суудагы иш-чарага катышканы тууралуу журналисттердин суроосуна кыскача жооп бергендигин “азаттык” кызматы жазды.
Ал биринчиден, Райым Матраимовго эмес, Искендер Матраимовго барганын айтып, “экинчиден, эс алуу күнү болчу, жеке сапарым” деди.
1-майда Кара-Суу районунда бир тууган Матраимовдор өткөргөн иш-чарага жоон топ бийлик өкүлдөрүнүн барганы талкууга түшүп жатат.
Белгилүү болгондой, учурда кыргыз өкмөтү Райымбек Матраимов менен соттошууда.
Коомчулукта “Раим миллион” деген каймана ат менен таанылган Райымбек Матраимов 2017-жылдын 23-ноябрында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен кызматтан алынган. Өкмөт бул чечимди “анын иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет” деп негиздеген.
2018-жылы апрелде ал “мени негизсиз жумуштан алды” деп өкмөттү сотко берген. Бишкектин Биринчи Май райондук соту Матраимовду колдогон чечим чыгарган. Азыр иш шаардык сотто каралып жатат.