“Дордой” тажикстандык “Истиклол” футбол клубуна ири эсепте утулуп калды (видео)

242

Азия футбол конфедерация (АФК) Кубогунун тайпалык баскычынын үчүнчү айлампасында Кыргызстандын “Дордой” футбол клубу тажикстандык “Истиклолго” ири эсепте утулуп калды. Оюн кечээ 1-майда Душанбе шаарынын борбордук “Памир” стадионунда өтүп, 4:1 эсебинде аяктаган.

Тажик футболчулары алгачкы эки голун пеналтиден киргизди. “Дордойдун” эсебиндеги жалгыз голду Мирлан Мурзаев киргизген.

Учурда кыргызстандык клуб бир упай менен өзүнүн тайпасында акыркы орунда турат.

Белгилей кетсек, АФК Кубогу – Азиядагы даражасы боюнча экинчи орунда турган клубдук мелдеш.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь