«Ювентус» футбол клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду дүйнөдөгү эң кымбат унааны сатып алды. Бул тууралуу Eurosport.ru басылмасы жазды.
Португалиялык футболчунун «Bugatti Voiture Noire» үлгүсүндөгү жаңы унаасы 11 млн еврого бааланып, кыймылдаткычынын күчү 1500 аттын күчүнө барабар. Анын максималдуу ылдамдыгы — саатына 420 чакырым.
Бирок футболчу жаңы унаасын 2021-жылы гана ала алат. Себеби унаанын текшерүүгө көп убакыт сарпталат.