видео: Жаан-чачын качан токтойт? Кыргызгидромет маалымдайт

269

Учурда Бишкек шаарында абанын температурасы 10-12 градусту түзөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетүүдө.

Ал эми өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан-чачын жаашы күтүлүүдө. Ала булут каптаган мындай аба ырайы эртең 3-майга чейин уланат.
Алдыдагы эки күн бою туруксуз аба-ырайы күтүлүп, жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, тоо этектеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Мындан улам өзгөчө кырдаалдар министрлиги күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертет.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь