Жапон эли жаңы императорун тосуп алды (сүрөт)

273

Бүгүн Жапонияда жаңы император Нарухито такка олтурду. 59 жаштагы Нарухитону такка олтургузуу саамалыгы саат 10:15те башталды.
Жаңы императорду көрүүгө ашыккандардын саны миңдеп саналат. Жаңы император менен бирге жубайы канайым Масако дагы экинчи бөлүктө салтанатка келди.

Жапониянын буга чейинки иператору Акихито 85 жашка чыгып, ден-соолугуна жана жаш курагына байланыштуу кызматын аркалоодон баш тарткан. Ал эми бүгүнкү салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө жаңы императорго муундан-муунга өтүп келе жаткан, монархиялык бийликтик символу болгон кылыч жана баалуу ташты тапшырышты.

Тартип боюнча Жапонияда император саясий бийликке эгедер эмес. Бирок конституция боюнча мамлекеттин бүтүндүгү жана биримдигинин маанилүү символу болуп саналат.

1-майдан тарта Жапонияда жаңы императордук доор – “Рэйва доору” башталды. Бул кыргызча “тартип”, “гүлдөгөн дүйнө”, “гармония” дегенди түшүндүрөт. Мындай салтанаттын жүрүшү менен эле катар айрым жапондор арасында империялык башкарууга каршы акция өттү.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь