Жарандын соттолгону же соттолбогону тууралуу маалым катты жоюуга багытталган мыйзам долбооруна президенттик аппарат сунушун бербей жатат.
Мындай маалыматты бүгүнкү Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди. Ал өз пикирин төмөндөгүчө айтып, эмне тоскоолдуктар болуп жатканын кошумчалады.
“Мен 2 жыл мурун жарандын соттолгону же соттолбогону тууралуу маалым катты жоюу боюнча мыйзам долбоорун сунуштагам. Депутаттар колдоп беришип президентке кеткен. Ал үчүн макулдашуу комиссиясы дагы түзүлгөн. Биз көптөгөн ар кандай маалыматтарды, сунуштарды бердик. Бирок, президенттик аппарат азыркыга чейин жообун же сунушун бербей жатат. Президент менен сүйлөшкөн учурда, ал колдой турганын билдирген. Тилекке каршы президенттик аппарат жооп бере элек, мен эмне себеп болуп жатканын түшүнбөй жатам”,-деп билдирди эл өкүлү.