Журналист кыз аялды мурдун канжалта сокту (видео)

339

Бишкекте журналист кыз менен Апрель революциясынын баатырынын жубайынын ортосунда чыр чыкты. Маалыматтарга ылайык, пресс-жыйындан кийин журналист кыз маркум баатырдын аялынан өзүнчө интервью алып жаткан.

Белгисиз себептерден улам экөөнүн ортосунда уруш чыккан. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери келип, эки жакты ажыратууга аракет кылган. Бирок видеотасмада көрүнүп тургандай, журналист кыз колунда кармап турган телефон менен аялды бетке чаап, мурдунан кан кеткен.

Милиция кызматкерлери ызы-чуу жараткандарды териштирүүдө.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь