Катуу сабалып каза болгон жарандын өлүмүнө шектүүлөр кармалды

331

Токмок шаарынын 61 жаштагы тургуну катуу сабалгандыктан ал ооруканада каза болгон. Анын өлүмүнө шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 29-апрелде эртең мененки саат 07:00 чамасында Токмок шаардык ички иштер органдарына оор жаракаттарынан улам ооруканада каза болгон жаран тууралуу кабар түшкөн. Факты “Ден соолукка оор залал келтирүү” боюнча каттоого алынып, сотко чейинки тергөө башталган.

Иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 28 жаштагы С.Ф. жана 26 жаштагы З.У. кармалып, тергөө абагына камакка алынды. Алдын ала маалыматтар боюнча кылмышка шектүүлөр мас абалда уруша кетип, маркумду сабап салышкан. Окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь