Кызын жыныстык катнашка сатууга аракет кылган ата 60 жылга кесилди

270

АКШнын Техас штатынын 30 жаштагы жашоочусу Эндрю Терли өзүнүн төрт жашар кызын жыныстык катнашка сатууга аракет кылган. Ал каалоочу жарандан 1000 доллар ала тургандыгын жергиликтүү сайтка жарыялаган.

Аны байкаган укук коргоо органдарынын кызматкерлери жашыруун сатып алуучу катары, каардуу атага кызынын акысын төлөй турганын айтышкан. Терли акчаны алары менен, “сатып алуучуларды” кызынын бөлмөсүнө алып келген. Полициялар Терлини ошол жерде камакка алышкандыгын чет элдик басылмалар жазды.

Зөөкүр атанын бул ишин сот күнөөлүү деп таап, аны 60 жылга эркинен ажыратты. 45 жылдан кийин кылмышкер шарттуу түрдө эркиндикке чыгышы мүмкүн.

Белгилей кетсек, Терли өзүнүн жубайы менен ажырашкандан кийин, кичинекей кыз энеси менен калган. Бирок, атасы аны кээде өз үйүнө алып келип турган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь