Нарын районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери бүгүн кичи футбол боюнча күч сынашты. Ден-соолукту чыңдоо максатында өткөрүлгөн мелдешке күч түзүмдөрүнөн турган 6 команда ат салышып, биринчилик үчүн оюн курч мүнөздө өттү.
Кичи футбол оюнуна жаш курактары каралган эмес, ошондой эле облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан уюштурулган мелдештен жеңүүчү аталган команда да катышты. Мындай мелдеш ар жыл сайын өткөрүлүп келет.