Орусиядан акча которуу кыргыздарга кыйынчылык туудурууда

285

Орусиянын башка мамлекеттерге акча которууга киргизген чектөөлөрү Кыргызстандын эмгек мигранттарына кыйынчылык жаратууда. Бул тууралуу Орусияда ишкерлик менен алектенген жарандар билдирген.
Маалыматтарга караганда, учурда кыргызстандыктар өлкөгө акча которуу үчүн атайын эсептерди ачып, кошумча каражат төлөп жатышат. 16-апрелден тарта Орусияда бир катар мамлекеттерге анын ичинде Кыргызстанга каражат которууга чектөө киргизилген. Буга ылайык мигрант банктан эсеп ачпай туруп 100 миң рублдан ашык акча сала албайт. Бирок, муну орус өкмөтү көмүскө операцияларга бөгөт коюу аракети катары түшүндүргөн. Мындай кыйынчылыктардан соң кыргыз ишкерлери чогулткан каражаттарын көмүскө жол менен которо баштады.

Ал эми айрым мигранттар абал өзгөрбөсө Орусиядан келген акчалар которуу кескин кыскараарын айтышып, Кыргызстандын дагы мыйзамдарын одоно бузуу менен акчаны көмүскө которуу күч алаарын билдиришүүдө.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь