Петербургда өз мекендештерине зомбулук көрсөтүп жүргөн эки кыргызстандык колго түшүрүлдү

314

Санкт-Петербургда өз мекендештерине зомбулук көрсөтүп, опузалоо жолу менен карактап жүргөн Кыргызстандын жарандарынан түзүлгөн кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жабыркагандар Россиянын укук коргоо органдарына кайрылган эмес. Ошондуктан кылмыш кылган кишилер жазага тартылбай калган. Бир нече булактан маалымат алган соң КР ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери анын чын-төгүнүн текшерүү үчүн Санкт-Петербург шаарына барган.

Маалымат тыстыкталып, КРдин Жазыктар кодексинин 126-беренеси (“Адам уурдоо”) боюнча кылмыш иши козголгон.

29-апрелде жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө эки Кыргызстандын жараны кармалган. Алардын бири, Ош облусунун Кара-Суу районунун 1981-жылы туулган А. Ж. аттуу тургуну, маалымат боюнча Санкт-Петербург шаары жана Ленинград облусу боюнча «смотрящий» болгон. Экинчиси, Ош облусунун Алай районунун 1987-жылы туулган Э. А. аттуу жогорудагы «смотрящийдин» оң колу.

Экөө тең уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары министрликтин каттоосунда турган.

30-апрелде соттун чечими менен кармалган жарандар Санкт-Петербург шаарындагы тергөө абагына эки айга камакка алынды.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь