“Айтматовдун чыгармасындагы Дүйшөндүн Алтынайы окуган мектеп али күнгө чейин бар экен”,- деди бүгүн депутат Р. Момбеков.
Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында эл өкүлү Рыскелди Момбеков өткөн жуманын этегинде Чоң Алай өрөөнүндөгү Ачык-суу айылына барып келгенин айтып. “Анда элдин иче турган таза суусу таңкыстыгынан улам, сарык менен ооруган адамдардын саны менен сап башында турат, ал жердеги жашоочулардын тиши дат басып кеткен”,- дейт. Депутаттын айтымында, таза сууга өкмөттөн 17 млн.сом бөлүнүп, ал каражат ушул күнгө чейин Чоң Алайга жетпей жатканын билдирди.
“Ушул эле айылда Чынгыз Айтматовдун чыгармасындагы биринчи мугалимдеги мектепте турган темир мешти көрдүңүздөр беле? Дал ошондой буржуйкада от жагып, дубалы жарака кеткен эски мектепте балдар окуп жатышат. Мен мындай “Дүйшөндүн мектеби азыркы заманда да бар экенин биринчи көрүшүм. ӨКМ ал мектепти окуганга мүмкүн эмес деген чечим чыгарган экен. Ага карабастан учурда окуучулар аргасыздан билим алууга мажбур болуп отурат. Билим берүү министри жок дегенде бир күн ошол муздак мектепке отуруп сабак берип келсин!”, -деди Р.Момбеков.