Учурда өтүп жаткан Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында кайрадан уран маселеси каралууда. Эл өкүлү Чыныбай Турсунбеков сөз алып сүйлөп,
“Экономикага бир жолу пайдасы тиет эле деп уулуу заттын азабын кыргыз эли өмүр бою тартыш керекпи? Алар уранды ачып, казып, алчусун алып чыгып кеткен күнү андан уулуу заттар чыгып майып балдар туулуп, элдин ден- соолугу начарлап аёосуз зыян келтире баштайт. Ошол күнү экономика эбегейсиз солгундоо болорун өкмөт эске албадыңарбы? Чалгындап эле чыгып кетет деп, жаш баланы соороткондой элди алдоонун кереги жок! Алар да келесоо эмес да, очойгон каражатын жөн эле пайдасы жок какыр жерди казып туруп, кайра жок экен деп кетип калгандай. Сөзсүз түрдө келечектеги пайдасын терең ойлоп туруп келип, чалгындоону башташкан. Уруксаат берээрден мурда ойлонуш керек. Элдин гана пайдасын көздөшүбуз керек”, деди ал.