Аксы районунун Ак-Жол айылында 2-майда саат 19:30 чамасында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрдү. Анын кесепетинен 5 турак үйдүн жана Шынаа тилкесиндеги 2 турак үйдүн короосун суу каптаган. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы кабарлады.
Мындан сырткары №38 ЖТИнин карамагындагы Райкомол-Кечүү ички чарбалык унаа жолунун 100 метр аралыгын, Эчкилик тилкесиндеги ички чарбалык унаа жолдун 1 чакырым аралыгын, Ак-Жол-Кечүү ички чарбалык унаа жолунун 4 жерин сел каптаган. Ошондой эле Жолборсту тилкесиндеги унаа өтүүчү 1 даана көпүрөнүн бир тарабын суу жууп кеткен. Жол каттамдары ачык, унаалар кыйынчылык менен өтүүдө.