“Кылмыштагы ууру” Азиз Батукаевдин иши боюнча иликтөөнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери онколог-дарыгерди кармашты.
Белгилүү болгондой ал 2013-жылы Азиз Батукаевге “канынан рак” деген диагноз коюп берген. Мындан улам Батукаевге карата козголгон кылмыш ишине дарыгердин дагы тиешеси болгон.
Укук коргоо органдары М.Э.К. аттуу дарыгерди ушул жылдын апрель айынын аягында камакка алган. Учурда бул боюнча кылмыш ишин иликтөө жүрүп жаткандыктан, ИИМ тарабынан азырынча кененирээк маалымат бериле элек.
2013-жылы кримавторитет катуу ооруп өлүм алдында тургандыгын билдирип, түрмөнүн дарыгери жана медициналык комиссия тобу муну тастыкташкан. Ушул эле жылдын 9-апрелинде дарыгерлердин корутундусуна таянып, Нарындын соту Батукаевди түрмөдөн бошоткон.
Түрмөдөн чыккан күнү Батукаев милициялардын кайтаруусунда “Манас” эл аралык аэропортуна келип, менчик учак аркылуу үй-бүлөсү менен Чеченстанга учуп кеткен.