Бишкекте митингге чыккан 30дай кишини милициялар кармап кетишти (видео)

342

Милиция өкмөт үйүнүн алдына митингге чыккандарды кармап кетишти. Бул боюнча тартылган видеону укук коргоочу Азиза Абдирасулова фейсбук социалдык баракчасына жарыялады.

А.Абдирасулова «Клоопко» берген билдирүүсүндө «бизге соттун 11-майга чейин митингге чыгууга тыюу салган токтомун окуп беришти. Дээрлик баарын милиция бөлүмүнө алып кетишти», — деп айткан.

Пикеттин катышуучулары жерлердин камакка алынышы туурасында аткаминерлерден түшүндүрмө алуу үчүн чыгышкан. Укук коргоочулар макулдашылбаган митинг үчүн Военно-Антоновканын 30дан ашуун тургунун кармаган.

«Биринчи май райондук соту эски жана жаңы Ала-Тоо аянтында митингдерди өткөрүүгө чектөө киргизген. 35 адам милициянын Биринчи май бөлүмүнө жеткирилген. Алар менен профилактикалык сүйлөшүү өткөрүлдү», — деп билдиришти Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматынан.

Сүйлөшүүдөн кийин бир аялдан башка кармалгандардын бардыгы бошотулган. Ал аялга милиционерге «баш ийбегендиги» үчүн үч миң сом айып пул салынган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь