ИИМ: Ошто жаш балдар уурдалган эмес (аудио)

517

Алай районунун Корул айылына орозонун жылнаамасын сатып жүргөн үч бейтааныш жигитти айыл эли кармап алып, аларды бала уурдап жүрөт деген ойдо ур токмокко алышкан.

Бул тууралуу Ош шаарынын ИИМнин басма сөз кызматынын башчысы Жеңишбек Аширбаев Элдик медиа сайтына маалымат берди. Бүгүн интернетте желдей тараган алайда жаш балдарды уурдаганы келген делип жергиликтүүлөр тарабынан жеме угуп, ур токмокко алынган үч жаран жергиликтүү ички иштер бөлүмүнө жеткирилип өздүктөрү такталган.

Мааалыматка ылайык алар чын эле кулагы укпаган, дудук адамдар экендиги аныкталган жана аларга шек санап кол көтөргөн айыл тургундарынын өздүктөрү такталып, КРнын ИИМдин “тентектик” беренесинин негизинде жооп беришет.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь