Илим Карыпбеков тайэнеси Өмүрбек Текебаев жөнүндө оюн билдирген видеосун жүктөдү. КТРКнын мурдагы башкы директору өзүнүн инстаграм баракчасына:
“Тайэнемдин Өмүрбек Чиркешович жөнүндө ою. Белизгейт боюнча мурунку бир баш деректир учурунда КТРКдан көп айтылса дагы, тайэнем өз ою менен калыптыр 🙂.
*****
Болот Шер жөнүндө сураган экен, мен түшүнбөй калыптырмын. Ийгиликтүү күн болсун, достор! #супертайэне #супертайене” деп пост менен бөлүшкөн.
И.Карыпбеков тайэнеси менен болгон маегин байма-бай социалдык баракчасына жүктөп турат.