Казакстандын президенттигине талапкер Жуматай Алиев мамлекеттик тил сынагын тапшыруу учурунда өтпөй калды. Бул тууралуу айрым маалымат булактары жазып чыкты.
Маалыматтарга караганда, сынактын жыйынтыгын комиссия мүчөсү Эдил Ахмедов жарыялап, Алиевдин “Мамлекет жана дин” темасында дилбаян жазганын жана 13 сүйлөмдө 19 ката бар экенин айткан.
Мындан сырткары Мухтар Ауэовдун “Абай жолу” романынан үзүндүнү да жакшылап окуп бере албаганын кошумчалаган. 67 жаштагы Жуматай Алиев– мурунку депутат болгон.
Эске салсак, Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо 9-июнга белгиленген.