«Интерньюс Кыргызстан» уюмунун жетекчиси Элина Каракулова “Азаттыктын” иликтөөчү журналистинин үстүнөн жазылган доонун 50 миллион сомдук суммасы эч нерсеге негизделбегенин айтып, нааразылык билдирди.
“Биздин чиновниктер жана бийликте тургандар тигил же бул редакциядагы жарнама канча турарын, ал ЖМК канча каражат таап жатканын билеби деги? Сот ошол доо арыздарды өзү эмнеге кабыл алат? Мисалы, “Азаттык” жарнамадан акча таппайт. Биз сөз эркиндиги боюнча көрсөткүчтөн 15 сап өйдө жылабыз, кайра 15 сап ылдый түшөбүз. Ошентип эле секирип жүрөбүз. Өнүгүү жок. Мен 50 миллион деген санды көргөндө отурган жеримен кулап кете жаздадым. Бизнесмен болобу, бийликтеги адам болобу, алар мынчалык ири суммадагы доо арыз жазбашы керек. Журналисттер мынча акча таппайт”.
Бүгүн, 3-майда медиа эксперттер “Сорос Кыргызстан” фонду менен Журналисттик иликтөө фонду уюштурган тегерек үстөлдө сөз эркиндигинин абалын жана журналисттерге болуп жаткан кысым тууралуу пикир алмашууда.