Бишкектин Лев Толстой жана Термечиков көчөлөрүнүн кесилишинде “Лексус” үлгүсүндөгү унаа каршы тилкеге чыга калып жөө адамды сүзүп кетти.
Күбөлөрдүн маалыматында видеодогу окуя 29-апрель күнү саат 20.00дө тартылган.
Кырсыктан жабыркаган жөө жүргүнчү №4 шаардык ооруканага жеткирилгенин ЖККББ кызматы кабарлады. Ал эми бул окуя боюнча материалдар Бишкек ШИИБне жиберилип, жол тандабас айып короого токтотулган.