Кыргызстан элинин ассамблеясынын 25 жылдык юбилейи президенттин катышуусунда белгиленди

105

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-майда, Кыргызстан элинин ассамблеясынын 25 жылдык юбилейине арналган салтанаттуу аземге катышты.
Мамлекет башчысынын сөзү толугу менен берилет:

“Урматтуу мекендештерим!
Баарыбызды теӊ Кыргызстан элинин ассамблеясынын жыйырма беш жылдык юбилейи менен чын дилимден куттуктайм!
Быйыл Ассамблеяга туптуура чейрек кылым толду.
Ал эми жалпы тарыхыбыз, чогуу тагдырыбыз кылымдарды карытып келет.
Манас атабыз кураган, ата-бабаларыбыз улаган, урпактарга жеткен, биримдиктүү, бирине-бири тирек болуп келген — бир эл, бир журтпуз.
Кыргызстандын аймагы — байыркы мезгилдерден эле түрдүү этностор, маданияттар, диндер байырлаган жер болгон.
Алар тынчтыкта жана ынтымакта жанаша жашап келген.
Биздин жергебиз миӊ жылдар бою — толеранттуу жашоонун, тил табышып бир чечимге келүүнүн, тышкы душмандарга бирге каршы туруунун мекени болуп келген.
Биздин чөлкөмдөн соода кербен жолдору өтүп, тилдердин, диндердин, маданияттардын карым-катнашы өнүккөн.
Элдин биримдиги, коомдун ынтымагы бекем мезгилдерде дүркүрөп өнүккөн өлкө, күчтүү мамлекет болдук.
Элден ынтымак кетсе, коомдон ырыскы качып, адамдар азып–тозуп, мекенибиз алсыраган күндөр да өткөн.
Акыл-эстүү муундар мындан сабак алып, кайра биригип, улуу инсандардын кайраты менен кайра жаралган журт болгонбуз.
Ынтымагыбыздан, биримдигибизден өткөн байлык, өлкөбүздөн өткөн дөөлөт жок экенин эзелтен бери уланган тарыхыбыз өзү тастыктап турат.
Кыргызстан элинин ассамблеясы ушул улуу дөөлөттөрдү аздектеп сактап, аяр улап, урпактарга жеткирип келет.
Советтик мыйзамдардын күчү кетип, жаӊы коомго жүрүм-турумдун жаӊы нормалары сиӊе электе Ассамблея эл ынтымагы үчүн төө көтөргүс милдетти аркалады.
Кудайга шүгүр, улут аралык чөйрөдө кылымдардан келаткан жалпы дөөлөттөрүбүздү, орток руханий байлыгыбызды бөлүп-жарбай сактап калдык, бирге болдук.
Ошол үчүн сиздерге чын пейлимден чыккан ыраазылык билдирем.”

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь