Нур-Султанда жатаканадан өрт чыгып 4-кабаттан секиришкен (видео,фото)

246

2-май күнү таңкы саат 10:30да Нур-Султан шаарынынын Байкоңур районундагы беш кабаттуу жатаканадан өрт чыкты.  Жатаканадан жанданган өрттөн 26 киши, анын ичинде 14 бала ууланды. Учурда алардын абалы орто, дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Өрт кызматынын куткаруучулар тепкичтер аркылуу 32 кишини, анын ичинде 28 баланы өрттөнгөн имараттын ичинен алып чыккан. Ал эми жатаканадан 350 киши өз алдынча чыгууга үлгүргөн.

Куткаруучулар келгенге чейин боюнда бар келин жана анын төрт баласы терезеден секирип, бактыга жараша тосуп калышкан.

Өрт имараттын экинчи кабатындагы бөлмөлөрдүн биринде тутанган. Учурда кырсыктын себептери иликтенүүдө. Окуя болгон жерге шаардын акими Бахыт Султанов келип, жашоочуларга жардам берүүнү, үйдү текшерип чыгуу үчүн комиссия жөнөтүүнү тапшырды.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь