Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 74 жылдыгынын урматына, ошондой эле Улуу Жеңишке баа жеткис салым кошкон Кыргыз Республикасынын жарандарына терең сый-урмат көрсөтүп, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 20 000 сом өлчөмүндө бир жолку акчалай жөлөкпул төлөөгө Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фондунан 7 091 000 (жети миллион токсон бир миң) сом бөлүндү.
Бир жолку акчалай жөлөкпул Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине төмөнкү категорияларына бөлүндү:
Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына;
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына;
Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары түзгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жерлеринин жашы жетелек туткундары болгон адамдарга;
1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейин курчоого алуу мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштеген жана «Ленинградды коргогондугу үчүн» медалы менен сыйланган адамдарга жана «Курчоодогу Ленинграддын тургуну» белгиси менен сыйланган адамдарга.
Учурда Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 350 ардагери калды.
Президенттин 2009-жылдын 13-ноябрындагы Жарлыгынын негизинде 2010-жылдын 1-январынан баштап Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсация тө лөнүп берилет, анын өлчөмү бир айга 7000 сом. Президенттин 2010-жылдын 28-январындагы Жарлыгынын негизинде 2010-жылдын 1-январынан баштап Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине кошумча социалдык колдоо көрсөтүү үчүн өмүр бою берилүүчү Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясы төлөнүп берилет. Стипендиянын өлчөмү ай сайын 10 000 сом өлчөмдө.
Жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсация жана Президенттин стипендиясынан тышкары согуштун ардагерлери ай сайын пенсия алышат. Жеңиш күнүнө согуштун ардагерлерине жылына Өкмөт тарабынан 15 000 сом бир жолку төлөнүүчү жөлөкпул төлөнөт.
Жеңиш күнүнө Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан 2019-жылы согуштун ардагерлерине 15000 сом бир жолку төлөнүүчү жөлөк пул төлөнөт.