Социалдык фонддун кызматкери пара менен колго түшүрүлдү

313

Бишкек шаарынын Свердлов райондук социалдык фондунун башкы адиси К.А. пара менен кармалды. 2-май күнү 12 миң сом алып жаткан жеринен УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү кармашкан. Бул тууралуу УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов билдирди.

Анын айтымына карганда, арыз ээси 2016-жылы бизнесин сатып, чет өлкөгө кеткен. Бирок 2018-жылдын ноябрь айында салык декларациясын толтуруу учурунда ал жеке ишкер катары катталганы жана ал ишти жабуу зарылдыгы тууралуу белгилүү болгон. Ал салык органына жана Социалдык фондко кайрылып, тиешелүү айып пулду төлөгөн.

Бирок К.А. учурдан кызматтык абалынан пайдаланып, жеке ишкерге карыздарын жабууга, маселесин чечүүгө көмөк көрсөтүү убадасын берип, ири суммадагы акча талап кылган. Кармалган жаран учурда тергөө абагына камалып, иликтөө иштери башталды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь