С.Исаков менен А.Калиевге байланыштуу Башкы прокуратура билдирүү таратты

389

Башкы прокуратуранын маалыматы:

Интернет басылмалардында акыркы учурларда С.Исаков менен А.Калиевдин жактоочулары тарабынан коомчулуктун алдында аларды актоо аракеттеринде бир нече жолу так эмес маалыматтар жарыяланган иш-аракеттери (акыркы жүйөсү Дүйнөлүк Банктын 150 млн. АКШ долларга ТЭН түзгөндүгү жана Мусажан Макелекке  карата өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн кылмыш иши жөнүндө ж.б.) боюнча төмөнкүдөй түшүндүрмө берүү зарыл деп эсептейбиз.

С.Исаков жана А.Калиевге коюлган айыптар боюнча жазык ишинин ичинде алардын күнөөсүн далилдөөчү документке негизделген далилдер, материалдар жетиштүү көлөмдө бар.

Алардын республикалык бюджеттен каржыланган мамлекеттик ири курулуш долбоорун ишке ашырууда, техникалык-экономикалык негиздемеси жок, долбоорлоо-сметалык документтер бекитилбеген шарттарда аткаруусунун кесепеттеринен мамлекеттин өзгөчө ири өлчөмдөгү каражаттарын (5 439 527 482 (беш миллиард төрт жүз отуз тогуз миллион беш жүз жыйырма жети миң төрт жүз сексен эки)  сом) орунсуз жок кылуулары коррупциялык кылмыш болуп эсептелет.

Мамлекеттик каражаттарды уурдоого жол берген кызмат адамдары жана башка жактар мыйзам чегинде эң катаал жазаларга тартылууга тийиш.

Бишкек ЖЭБин 386 млн АКШ долларына Модернизациялоо долбоору боюнча ТЭНдин жана долбоорлоо-сметалык документтердин жоктугу жөнүндө парламенттик угууларда бир нече жолубелгиленип келсе, кылмыш иштин тергөөсүнүн жүрүшүндө булар тастыкталган.

Кыргыз тараптын долбоорлоого катышуудан толук четтетилиши, кылмыш иши боюнча шектүүлөрдүн ТВЕА компаниясынын пайдасын көздөгөн шарттарда сметасын түзүүгө, курууга жана жабдууларды сатып алууга, ал эми подряддык компания контракттын шарттарына ылайык биздин мамлекет Эксимбанктан (КЭР) кредит катары алган 386 млн. долларды өз каалоосу боюнча сарптоого мүмкүнчүлүк алгандыгы парламенттик угуулар учурунда жана тергөөнүн жүрүшүндө да тастыкталган.

Белгилеп кетүүчү жагдай, баасы 150 млн. АКШ доллар, аткаруу мөөнөтү 2014-2017-жылдарга белгиленген “Бишкек ЖЭБин модернизация” долбоору Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына (КР Президетинин 2013-жылдын 27-сентябрынын № 194 Жарлыгына ылайык) киргизилген.

Мындан сырткары, “Бишкек ЖЭБин модернизация” долбоорун 150 млн. АКШ долларга ишке ашырууга даярдыктар көрүлгөн жөнүндө документалдык далилдер бар.

Ал эми, Мусажан Макелекке жана башка адамдарга карата бөлүнгөн кылмыш иши толук процесстик кодекстин талаптарына ылайык жүргүзүлгөндүктөн, бул маселе боюнча таанышуу учурунда айыпталуучулар жана алардын өкүлдөрү тарабынан кандайдыр бир өтүнүч келтирилген эмес.

Айыпталуучулардын жана алардын өкүлдөрүнүн бул аракеттерин коомчулуктун көңүлүн башка нукка бурууга жана саясатташтырууга жасаган далаалаттары катарында кабыл алууга болот.

Эгерде алардын укуктарынын жана кызыкчылыктарынын бузулгандыктары жөнүндө  далилдери бар деп эсептешсе, ал процесстик ченемдерге ылайык, айыпталуучулар жана алардын өкүлдөрү тарабынан соттук териштирүүнүн жүрүшүндө тастыкталууга тийиш.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь