Чек ара: Аткезчилик менен бензин ташып келе жаткандар кармалды

371

29 тонна бензинди аткезчилик жолу менен алып өтүүгө аракет кылгандар  «Чоң-Капка-автодорожный» көзөмөлдөп өткөрүүчү пунктунда бүгүн кармалган. Чек ара кызматынын маалымат боюнча  Казакстандан келе жаткан MАN  үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын коштоочу документтеринде “көмүрсуутек жеңил аралашмалары” деп көрсөтүлгөн. Ал эми текшерүү учурунда чек арачылар ташылып келе жаткан жүк бензин экенин аныкташкан. Аткезчиликке шектелген кыргызстандын жараны кармалып, жүгү менен андан ары териштирүү иштери үчүн экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь