Ө.Текебаевдин иши боюнча соттун өкүмү өзгөртүүсүз калды

370

Бүгүн Жогорку Сот Ө.Текебаев жана Д.Чотоновдун  ишин жаңы ачылган жагдайлар боюнча карап,  анда жаза мөөнөтүн өзгөртүүсүз калтырды. Соттук коллегия саясатчынын үй-мүлкүн конфискациялоо боюнча чечимин гана жокко чыгарды.

Ал эми жактоочулардын калган сунуштары канааттандырылган жок.

Сот өкүмдү өзгөртүүсүз калтырганы боюнча депутат Алмамбект Шыкмаматов “адам укугу сакталбагандыгы, сот реформасынын жүрбөгөндүгүнүн далили болду”, -дейт.

Өмүрбек Текебаевге карата 2017-жылы «Мегакомду» сатууга көмөктөшүү максатында орусиялык ишкерден пара алган» деген жүйө менен кылмыш иши козголуп, Өмүрбек Текебаевди 8 жылга эркинен ажыраткан.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь