Бишкекте жеңил унаа мотоциклде бара жаткан адамды сүзүп кетти (видео)

199

Бишкекте Абдрахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаа мотоциклчен кишини койдуруп кетти. Бул тууралуу Facebook тармагынын колдонуучусу жазып, кырсык болгон жердеги видеону жарыялады.

Жол кырсыгы кечээ саат 19.10до болгон. Жабырлануучу ооруканага жатуудан баш тартып, Бишкек шаардык травматология пунктуна кайрылды.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, унаа айып короого киргизилди.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь