Жеңиш күнүнө карата Ош менен Ысык-Көл обусунда ат оюндары боюнча мелдеш башталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Ат оюндары 4-9-май күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо, Оштогу Төлөйкан ат майданында өтөт. Турнир 9-Май – Жеңиш күнүнө, Сүймөнкул Чокморов жана Үсөн Кудайбергеновдун элесине арналып өткөрүлөт.
Анда жети облустан жана Ош менен Бишкек шаарынан келген спортчулар эр эңиш, ат чабыш, салбуурун жана көк-бөрү боюнча таймашышат.