“Казакстан сулуусу-2019” таажысын 19 жаштагы Мадина Батык тагынды (сүрөт,видео)

204

2-майда Нур-Султан шаарында өткөн “Казакстан сулуусу-2019” сынагынынын жеңүүчүсү болуп 19 жаштагы Мадина Батык аттуу кыз табылды.

Жеңүүчү баалуу таштар менен кооздолгон таажыдан тышкары 3 миллион теңге менен сыйланды. Ошондой эле ал Париж шаарына шоппинг кылууга, бренд компаниялар менен жарнамалык роликтерге тартылууга жана “Дүйнө сулуусу” сынагына катышууга мүмкүнчүлүк алды. Мадина Батык жеңип алган акчасын ата-энесине берэрин айтты.

Фианалга өткөн беш кыздын арасынан казак эли смс добуш аркылуу жеңүүчүнү тандашкан. Мадина Батык – Павлодар шаарынын тургуну. Туризм жаатында билим алат. Бош убактысында жеңил атлетика жана теннис менен машыгат.

Бул жолу аталган сынак өзгөчөлөнүп “этно-сasual” форматында өткөн. Анда катышуучулар көчмөндөр менен азыркы казак элинин жашоо-турмушун чагылдырган кийим-кечектерди кийишти.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь