Кыргызстандык Кямран Аббасов UFC нин мурунку мушкерин жеңип алды (видео)

380

Мушташтын аралаш түрү боюнча кыргызстандык мушкер Кямран Аббасов One: For Honor эл аралык мелдеште жеңишти багындырды.

ONE FC уюмунун турнири Джакарте (Индонезия) шаарында өттү. Анда Кямран Аббасов негизги бойго өзүнөн 12 жаш улуу жапониялык Юшина Оками менен бет келди.

Абассов беттештин экинчи раундунда каршылашынын жаагына таамай сокку узатып, 70-чи секундда партерден жеңген.

Бул Кямран Аббасовдун профессионалдуу аренадагы 21-чи жеңиши  болуп калды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь