Кыргызстан элинин Ассамблеясынын төрагасы болуп Абдыганы Эркебаев шайланды 

289

Кыргызстан элинин Ассамблеясынын төрагасы болуп 3-майда Абдыганы Эркебаев шайланды.

Буга чейин аталган кызматты Кыргызстандын азыркы акыйкатчысы Токон Мамытов ээлеп келген. Ал акыйкатчы болуп дайындалган соң, өз арызы менен Ассамблеянын төрагалыгынан кеткен.

3-майда Токон Мамытов курултайга келип, отчет берген соң, кеңештин мүчөлөрү аны кабыл алып, Абдыганы Эркебаевди төрага кылып шайлады.

Азыркы учурда Ассамблеянын кеңешинин курамы 55 кишиден турат.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь