Бишкек шаарынын Жал кичирайонундагы көп кабаттуу үйлөрдүн бирине улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун сүрөтү тартылып жатат. Бул тууралуу шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
Жаныбек Абиров: Адам кандай гана татаал абалда калбасын, ал өзүнүн бийик адамдык наамын, адамдык мартабасын түшүрбөөгө милдеттүү”- Ч. Айтматов
Буюрса баштадык!
Улуу инсаныбыздын жаркын элесине арнап, борборубуздун кичи районунун биринде (Джал 23) сүрөтүн тарттыруудамын.
Жакынкы аралыкта бүтүп калат!”